Жол инспекторлорунун кезектеги коррупциялык схемасы (видео)

773

Унааларды эвакуациялоого байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы расмий жооп берди. Алар Финполиция койгон айыптоолорго макул эмес. Жол инспекторлорунун айтымында, иш кагаздарынын баары мыйзам чегинде түзүлгөн.

Ошондой эле, бул коррупциялык схемага тийиштиги бар делген ишкана унааларды эвакуациялоонун баасы боюнча эксперттер туура эмес эсептөөлөрдү жүргүзгөн деп эсептейт. Автоунааларды эвакуациялоодо бир катар мыйзамсыз көрүнүштөр бар экенин Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү кызматы аныктаган. Мамлекетке келтирилген жалпы зыян 9 миллион сомдон ашкан.