Жол инспекторун тебелетип кете жаздаган айдоочуга карата иш козголду

767

Жол инспекторун тебелетип кете жаздаган айдоочуга карата «бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Бул тууралуу  Бишкектин Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Эске салсак, кечээ интернетте видео тарап, анда жолтандабастын айдоочусу унаанын алдын тосууга аракет кылган жол-кайгуул кызматкерин бир нече метрге чейин жөөлөп барганын көрүүгө болот. Көп өтпөй автоунаанын айдоочусу кармалып, ал Ленин райондук милициясына жеткирилгени кабарланган.

Бүгүн болсо, рулда отурган айдоочу айым Ички иштер министрлигинин Маңзаттын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы башкармалыгынын мурдагы башчысы Алымжан Козубаевдин жубайы жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ташполот Балтабаевдин кызы экени белгилүү болду.