Жол инспекторун жыга сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

723

Бул кылмышка шектүү 19 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Ишти Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы териштирүүдө.

Эске алсак, кечээ күнү саат 15:30дар чамасында баш калаанын Масалиев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде терезелери караңгылатылган “Лексус” автоунаасынын айдоочусу Жол коопсуздугун камсыздаган кызматкери токтоткон учурда аны сүзүп туруп, качып кеткен. Көп өтпөй, ал «Перехват» операциянын натыйжасында кармалган. Ал эми унаа сүзүп кеткен жол инспектору Бишкек шаарынын №4-ооруканасына жеткирилди.

Маалыматтарга караганда, «юрист» кесиби боюнча окуп жаткан кылмышка шектүү жаран буга чейин жол коопсуздугун бузгандыгы үчүн 11 жолу административдик айыпка тартылган.