Жол кире акысы кымбаттайбы? (видео)

1280

Маршруттук каттамдардын айдоочулары нааразылык акциясын уюштурушат деген маалымат — жалган. Алар мындай кабарларды провокаторлор таратып жатканын айтышууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын жетекчилиги менен айдоочулардын жолугушуусунда маалым болду. Буга чейин маршруттук каттамдардын айдоочулары жаңы кодекстеги талаптарга нааразы болуп, митингге чыгышат экен деген маалымат тарап жаткан.

Бирок айдоочулар жол кире акысын жогорулатуу талабын гана коюп жатышканы белгилүү болду. Жолугушуу өткөргөн тараптар маселени мыйзамдуу жол менен чечүү тууралуу сүйлөшүштү. Анын негизинде жакынкы айларда Бишкектеги маршруттук каттамдарда жол кире акысы 15 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн экен.