Жол кире кымбаттады. Айдоочулар дагы эле нааразы (видео)

1713

Кара-Балта шаарында коомдук транспорттун айдоочулары иш ташташты. Анын кесепетинен аялдамалар окуучу, мугалим, кары-картаңдарга толуп калды. Жумушка чыкпаган айдоочулар жол кирени дагы кымбаттатуу керектигин билдиришүүдө. Аталган калаада ары-бери каттоо 13 сомго көтөрүлгөн болчу. Ошондой эле, Бишкекте да жол кире акысы кымбаттады.

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы тарифтердин жогорулашы менен коомдук унаанын жетишсиздиги чечилиши мүмкүн деп күтүп жатышыптыр. Себеби буга чейин борбор калаада күн сайын 2,5 миңден ашуун маршруттук таксилер каттамга чыгып келсе, учурда анын саны бир кыйла азайган. Тарифтер кымбаттаганы коомдук унааларда абал өзгөрдүбү?