Жол кырсыгы болгон жерден качкан үч жигит изделүүдө (видео)

986

Бишкекте студенттердин катышуусунда болгон жол кырсыгына күнөөлүү делген айдоочу изделип жатат. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан маалымдашты. Окуя түндө саат экилер чамасында Түштүк магистралда болгон. Мамлекеттик номуру жок «Мерседес» үлгүсүндөгү унаа жолдун жээгинде турган тосмону сүзүп, андан кийин өрттөнүп кеткен.

Унаадагы эки кыз ооруканага жеткирилген. Алардын бири 19да, экинчиси 20 жашта экени айтылууда. Айрым маалыматтар боюнча, унаанын ичинде 2 кыздан тышкары, 3 жигит болгон. Бирок алар кырсыктан кийин качып кеткени кабарланып жатат. Учурда алар да милиция кызматкерлери тарабынан изделүүдө.