Жол кырсыгын жашырган милиционерлерге кылмыш иши козголду

4037

Милиционерлер 3 жол кырсыгы тууралуу маалыматты жашырып койгон. Жол кырсыгынан жабыркагандар ооруканага түшкөнү менен бул фактылар кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталган эмес. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Башкы көзөмөл орган Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна криминалдык мүнөздөгү жаракат менен түшкөндөрдүн санын текшерген. Анын жыйынтыгы менен быйыл 7 айдын ичинде ооруканага 2 аял менен бир киши кайрылганы белгилүү болгон.

Башкы прокуратурадан маалымдашкандай, ооруканага Бишкек шаардык милициясынын кызматкерлери бекитилген. Аларга дарыгерлер криминалдык мүнөздөгү жаракат менен түшкөндөр тууралуу кабар берип турат. Бирок 3 жол кырсыгы эмнегедир кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталган эмес.

Ошондой эле бүгүнкүгө чейин жол кырсыгына жол берген тараптарга укуктук баа бериле элек. Учурда «кылмышты жашырып коюу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын УКМК жүргүзүүдө.