Жол кырсыгына кабылган унаанын ичиндеги төрт адам тирүүлөй күйүп кетти

995

Ысык-Көл областында жол кырсыгына кабылган машина өрттөнүп, ичиндеги төрт адам тирүүлөй күйүп кетти. Авария бүгүн таңга маал Балыкчы-Ананьево-Каракол трассасынын 113 чакырымында болгон.

Маалыматтарга караганда, «Лексус» үлгүсүндөгү автоунаа Чолпон-Ата шаарын көздөй баратканда, Григорьевка айылындагы бурулушта айдоочусу машинаны башкара албай калып бир нече жолу аласалып, аскадан кулап кеткен. Андан өрт чыгып, ичиндеги үч жүргүнчү менен айдоочусу күйүп, күлгө айланган.

Окуя болгон жерден бир гана сим-карта табылган. Ошонун жардамы менен курман болгондордун өздүгүн тактоо иштери жүрүп жатат.