Жол кырсыгына күнөөлүү делген милициянын майору жумуштан алынды

2584

Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, териштирүүдө Аламүдүн районунун тергөөчүсү Төлөн Камчыбек уулу мас абалында машина айдаганы далилденген. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында, милициянын майору ички иштер органдарынан биротоло айдалды. Ал эми жол кырсыгынан кийин ошол жерге барган милиция кызматкери, Төлөн Камчыбек уулунун кесиптеши дагы ээлеген кызматынан бошотулду.

Эске салсак, 4-январда Бишкекте жеңил унаалар сүзүшүп, ага себепкер милициянын майору Төлөн Камчыбек уулу экени аныкталган. Күбөлөрдүн айтымында, тартип сакчысы мас абалында болгон жана качып кетүүгө аракет жасап, бирок машинасы бузулуп калгандыктан кете алган эмес. Ал эми экинчи автоунаада айдоочу, анын аялы жана үч баласы болгон. Окуядан балдар ар кандай деңгээлде жаракат алып, Улан Орозалиевдин мээси чайкалган.