Жол кырсыгынан 12 адам мерт кетти (видео)

854

Өткөн дем алыш күндөрү өлкө боюнча 38 жол кырсыгы катталып, 12 адам каза болду. 61 адам ар кандай жаракаттарды алган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы кабарлады. Токмок шаарына жакын жерде эки жеңил унаа кагылышып, бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү кетип бараткан унаадагы төрт киши набыт болду. Дагы 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы Бишкек-Ош жолунда кечээ күнү болду. Жол инспекторлору айдоочуларды жол эрежелерин сактоого чакырышат. Анткени статистика боюнча авариялардын 90 пайызга жакыны айдоочулардын жол эрежелерин сактабаганынан улам келип чыгат.