Жол кырсыгынан 900дөн ашуун адам көз жумду (видео)

756

Бишкекте жол кырсыктарын алдын алууга үндөгөн акция өттү. Иш чара “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин демилгеси менен уюштурулду. Акция учурунда авариялардан каза тапкандардын сөлөкөтү менен арт-инсталляция көрсөтүлдү. Расмий маалыматтарга караганда, өлкөдө жыл башынан бери 5 миңдей жол кырсыгы катталып, 900дөн ашык киши набыт кеткен. Аварияда курман болгондорду эскерүү күнү дүйнө жүзүндө 2005-жылдан бери, Кыргызстанда 2012-жылдан тарта 19-ноябрда белгиленип келет.