Жол кырсыгынан аскер кызматкери каза болду (видео)

1818

Бишкекте жол кырсыгынын кесепетинен Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматкери каза болду. Адам өлүмү менен коштолгон кырсык борбор калаадагы 12-кичи районунда катталды.

Ауди менен Лексус үлгүсүндөгү унаалардын кагылышуусунан жабыркаган экинчи айдоочу учурда ооруканада. Абалы канааттандырарлык экени айтылууда. Кырсыктын кесепетинен Ауди машинасынын ичинде бара жаткан аскер кызматкеринин 4 жаштагы кызы да жаракат алган.