Жол кырсыгынан жабыркаган бүтүрүүчүлөр (видео)

1528

Ош областынын Ноокат районунда жол кырсыгына кабылып, ар кандай жаракат алган 5 бүтүрүүчүнүн биринин абалы оор деп бааланууда. Бул тууралуу жергиликтүү милициядан билдиришти. Маалыматтарга караганда, калган үчөөнүн абалы туруктуу.

Эске салсак, кырсык 24-майдын кечинде аймактагы Ак-Чал айылында болгон. Анда бир эркек жана 3 кыз отурган машина катуу ылдамдыкта баратып сарайды сүзгөн. Анда рулдагы бала атасынын унаасын айтпай айдап кетип, жанына классташ кыздарын отургузуп алган.