Жол кырсыгынан жабыркагандарга кенемте төлөнөт (видео)

2307

Бишкекте кырсыктаган автобус менен троллейбустун жүргүнчүлөрүнө кенемте төлөнөт. Алардын жаракаты, дарыланууга кетирген каражатын эске алуу менен компенсация бир кишиге 350 миң сомго чейин жетиши мүмкүн. Аварияда буту сынган жүргүнчү менен баш мээси чайкалган эки киши ооруканада дарыланышууда.

Дагы беш жүргүнчү алгачкы медициналык жардамдан кийин үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Кырсык ишемби күнү кечки саат жетилерде Гагарин менен Термечиков көчөлөрүнүн кесилишинде катталып, автобус, троллейбус жана 2 жеңил машина сүзүшкөн. Жапысынан 8 киши түрдүү жаракат алган.