Жол кырсыгында бир үй-бүлө жок болду (видео)

3921

Ош областынын Ноокен районунда жардан ылдый кулап кеткен унаада аялы менен күйөөсү каза тапты. Жол кырсыгы Кызыл-Кыя айылына жакын жерде, Бүргөндү-Майлуу-Суу трассасында болгон.

Анда жубайы менен бара жаткан Майлуу-Суу шаарынын 63 жаштагы тургуну рулга ээ боло албай калып, унаа менен жардан ылдый түшүп кеткен. Ушундай эле окуя өткөн жума күнү да катталып, анда да рулду башкара албай калган айдоочу жол четиндеги дубалга барып урунган. Анын кесепетинен 6 киши каза тапса, анын төртөө бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон.