Жол кырсыгында жооптуу кызматкерлер жабыркады (видео)

738

Чүй областынын Кашка-Суу капчыгайында автоунаа аңтарылып кетип, бир адам каза болду. Үч киши оор жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Алар мурдагы транспорт министри Аргынбек Малабаев, байланыш агенттигинин жетекчиси Нурлан Сманов жана УКМКнын кызматкери.

Маалыматтарга караганда, «Тойота Лэнд Крузер» үлгүсүндөгү унааны тоонун боору менен айдап бара жатканда, ылдый тоголонуп кеткен. 38 жаштагы айдоочу ошол жерде жан берген. Унаанын ичинде 3 жүргүнчү болгон. Дарыгерлердин айтымында, жабыркагандардын абалы оор.