Жол кырсыктары көп катталган кандуу тилке (видео)

4668

Бишкекте жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзгөн айдоочу камакка алынган жок. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ал адам тууралуу кеңири маалымат бербей жатат.

Арча-Бешик жаңы конушунда «Хундай» үлгүсүндөгү машинаны башкарган киши катуу ылдамдыкта келе жатып, жолдон өтүп бараткан адамды сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 51 жаштагы адам окуя болгон жерден мурт кеткен. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат. Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул тилке кандуу болуп калды, анткени жол кырсыктары көп катталууда.