Жол кырсыктарын алдын-алуу максатында социалдык ролик даярдалды

906

Өлүм менен коштолуп жаткан жол кырсыктарын алдын-алуу максатында жаш активисттер социалдык ролик жаратышты. Бүгүн тасманын бет ачаары болду. Ролик Жол коопсуздугу башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин колдоосу менен, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында даярдалды.

Демилгенин авторлору — видео-материал аркылуу айдоочу жана жөө жүргүнчүлөргө кайрылуу жасоону чечишкен. Жаш активисттер жарандарды мас абалында унааны башкарбоону жана ар дайым жол эрежесин сактап жүрүүгө чакырышат. Тасма кыргыз жана орус тилдеринде даярдалган.

Жакын арада жергиликтүү телеканалдарда жана кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.