Жол кырсыктарына ким күнөөлүү? (видео)

787

Автомектептерди текшерип, айдоочуларды даярдоо, күбөлүк берүү укугун мурдагыдай Ички иштер министрлигине берүү керек. Мындай демилгени бир катар депутаттар көтөрүшүүдө. Алардын айтымында, баарын бир мекеме колго алса, жоопкерчилик жогорулап, жол кырсыктары азаймак. Бирок автомектептердин өкүлдөрү өздөрүнүн дарегине айтылган сын пикирлерди четке кагышууда. Алардын айтымында, жол кырсыктарынын көбөюүсүнө айдоочуларды даярдагандар эмес, инфрастуруктуранын начар болушу башкы себеп.