Жол тандабас мингендер жол кирени кымбаттатышты (видео)

1240

1-ноябрдан тарта борбор калаада жол кире акысы кымбаттайт. Бишкек шаардык кеңештин депутаттары буга байланыштуу чечим кабыл алышты. Эл өкүлдөрү маршруттук таксилерде 15 сом, автобус, троллейбустарда 11 сом деген тарифти жактырып, бекитип беришти.

Эми бир айдан кийин борбор калаада коомдук унааларда жүрүү кымбаттайт. Жол кире акысын көтөрүү менен Бишкекте транспорт көйгөйү чечилеби? Шаар тургундарына жаңы тариф тартуулаган депутаттар өздөрү коомдук унаага түшөбү?