Жол тескөөчүсү өз өмүрүн тобокелге салып, окуучуларды кырсыктан сактап калды

871

Жол инспектору өз өмүрүн тобокелге салып, окуучуларды кырсыктан сактап калды. Окуя бүгүн эртең менен Бишкектин Чүй жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишинде катталды.

Милиция кызматкери Марат Султаналиев жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилке менен басып бараткан жаш балдары көздөй катуу келе жаткан маршруттук таксини байкап калып, аны токтотуу үчүн ортого чуркап чыккан. Тормозду басууга үлгүрбөгөн бустун айдоочусу инспекторду сүзүп, ал 10 метрдей учуп кеткен.

Күбөлөрдүн айтымында, эгерде кичи автобус акырын ылдамдык менен келгенде, мында кырсык болмок эмес. Учурда Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкери Марат Султаналиев Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жатат. Инспекторду сүзгөн унаанын айдоочусу кармалды.