Жол жээгинде турган аялды оор жүк ташуучу унаа басып калды (видео)

4532

3 унаанын катышуусундагы жол кырсыгынан жабыркаган 2 адам ооруканада жатат. Экөө тең айдоочулар. Алардын биринин баш мээси чайкалса, экинчисинин бут сөөгү сынып кеткен. Бишкектеги Ак-Өргө конушунда Камаз менен жеңил унаа кагылышкан.

Анын кесепетинен жол жээгинде турган 56 жаштагы аялды оодарылып кеткен оор жүк ташуучу унаа басып калган. Ал окуя болгон жерден мурт кеткен. Учурда бул иш боюнча укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, жол кырсыгынын күнөөкөрүн аныктоо иштери жүрүп жатат.