Жолдон өтүү тартибин бузгандар – жазаланат (видео)

766

Бишкек шаарында «Жоо жүргүнчү» деген аталыштагы рейд жүргүзүлө баштады. Анын алкагында, жолдо жүрүү эрежесин бузуп, атайын белгиси жок жерден өткөн жөө жүргүнчүлөргө айып салынууда.

Жол инспекторлору менен биргеликте аймактык милиция кызматкерлери дагы бул иш-чарага катышып, автожолдорду кесип өтүүдө тартип бузгандар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, протокол толтурушат. Рейд бир ай бою уланат. Эскерте кетсек, админстративдик кодекс боюнча айып пулдун өлчөмү 500 сомду түзөт.