Жолдордо “мафия” барбы? (видео)

856

«Жол мафиясы» депутаттардын дагы кызыгуусун жаратты. Бүгүн парламенттин тармактык комитетинде транспорт министрине мафия тууралуу суроолор берилди. Өткөн аптада вице-премьер министр Дайыр Кенекеев салмак-габариттик көзөмөл бекеттеринде атайын топтор пайда болгонун, алардын жүзү жакын арада ачыларын билдирген. Ошондой эле, комитеттин отурумунда өлкө аймагына мыйзамсыз киргизилген унаалар тууралуу маселе көтөрүлдү. Баарынан кызыгы, мамлекеттик бюджетке миллиондогон чыгымдар келтирилгени аныкталып, кылмыш иши козголгонуна карабастан, азырынча шектүү деп эч ким атала элек экен.