Жолдорду куруу пландан 2 жылга артта калды (видео)

542

Республикалык деңгээлдеги 3 жолдун курулушу өз убагынан артта калды. Түндүк — Түштүк алтернативалык жолу, Бишкек — Кара-Балта, Ош — Баткен — Исфана трассаларын салуу пландан 2 жылга чейин кечиктирилүүдө. Транспорт министринин орун басарынын айтымында, буга бир нече себептер бар.

Техникалык, логистикалык, долбоорлоо иштери начар болуп, ага кошумча мурда көрсөтүлгөн каражат аздык кылууда. Бүгүнкү күнү өлкө боюнча жол салуу жаатында 13 долбоор ишке ашып жатат. Ушул кезге чейин тармакка 2 млрд доллардан ашык насыя алынган, анын жарымынан көбү Кытайдын “Эксимбанкына” таандык. Өкмөт аталган банктан дагы 56 млн доллар сураганы турат.