Жолдорду сапатсыз кургандар жазаланыш керек (видео)

754

Сапатсыз жолдорду курууга катыштыгы бар жетекчилерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаттары айтышууда. Акыркы жылдары эл аралык жана аймактарды байланыштырган жолдордон баштап, район-шаарлардын ичиндеги көчөлөргө чейин сапатсыз салынып жаткан учурлар көбөйдү. Алсак, Бишкек шаарынын тургундары жарым жыл мурда эле курулган жолдор бир кыш өтпөй тамтыгы чыгып калганына даттанып жатышат. Жашоочулар тиешелүү органдарды мындай абалга көңүл бурууга чакырышууда.