Жолдорго акы төлөнөт (видео)

779

Кийинки жылдан тарта өлкөнүн айрым жолдорунда айдоочулардан акы алынышы мүмкүн. Азыр бул багытта түзүлгөн жумушчу топ документтерди шайкеш келтирүү багытында иштеп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты. Адистердин пикиринде, жаңы курулган жолдордон акы алуу сунушу замандын талабы. Көпчүлүк мамлекеттерде мындай эреже узак жылдардан бери эле жемиштүү иштеп келет. ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн көбүндө жолдордон акы алынат, дешет эксперттер. Бирок бул долбоор үзгүлтүккө учурабаш үчүн анын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу зарыл.