Жолду кеңейтүү үчүн курулуштар түрттүрүлүп, бактар кыйылат (видео)

663

Бишкекте көп кабаттуу мейманкана, 5 жеке менчик үй, 2 чакан завод, сауна жана 2 ангар бузулат. Борбор калаада Кытай грантынын эсебинен көчөлөрдү оңдоонун 2-фазасы башталганы турат. Буга ылайык алдыңкы 2 жыл аралыгында 60 көчө кеңейтилип, айрым жолдор узартылат.

Ошондой эле, көпүрө салуу пландары да бар. Бирок айрым көчөлөрдүн боюндагы курулуштар, бактар жолдорду кеңейтүүгө тоскоол болууда. Буга байланыштуу «Фере» көчөсүн кеңейтүүдө жүздөн ашык даракты кыюуга туура келсе, «Буденый» көчөсүн оңдоодо коргон үчүн курулган тосмо дубалдарды жылдыруу керек болот.