Жолду оңдоого байланыштуу кылмыш иши козголду

785

Каракол шаарындагы №35-жол эксплуатациялоо башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери жолду оңдоого бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз иштетип жибергени аныкталды.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, ишкана былтыр шаардагы көчөлөрдүн бирин оңдоого мамлекеттик бюджеттин эсебинен 25 миллион 299 миң сомдук тендер жарыялаган. Анын жыйынтыгында өз кызматын 21 миллион сомго баалаган компания жеңүүчү деп табылып, эки жактуу келишим түзүлгөн. Бирок иш баштала электе баштапкы сумма катары беш миллион сом курулуш фирмасынын эсебине мыйзамсыз которулган.

Текшерүү учурунда аталган компания келишимде көрсөтүлгөн иштерди толук аткарбай койгону аныкталган. Муну менен мамлекетке 5 миллион сомдук зыян келтирилген.

Бул факты боюнча «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келишим түзүү менен мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу», «коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарынан аша чабуу» беренелери менен кылмыш ишин козголуп, тергөө жүрүүдө.