Жолдубаеванын «соодасы» бүттүбү? (видео)

1336

Индира Жолдубаева башкы прокурорлук кызматтан алынды. Буга байланыштуу чечимди Жогорку Кеңештин депутаттары көпчүлүк добуш менен кабыл алышты. Жалпы жыйында Индира Жолдубаеваны иштен алууга 105 эл өкүлү макулдугун билдирип, экөө каршы чыкты. Алар: Аалы Карашев менен Асель Кодурановалар. Парламенттин отурумуна Индира Жолдубаева катышкан жок. Ал Жогорку Кеңешке кат жолдоп, маселени ансыз эле карай берүүнү сураныптыр. Депутаттарга президенттин аппаратынын башчысы Мухамедкалый Абылгазиев мамлекет жетекчисинин сунушу боюнча баяндама жасады. Анда прокуратура өз милдетин так аткарбай, адам укуктарын одоно бузганы айтылды.