Жолдун ортосунда мушташкан маршрутканын айдоочулары (видео)

608

Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна коркунуч жаратканы аз келгенсип, трассанын ортосунда мушташкан айдоочулар иштен алынды. Бул тууралуу тиешелүү маршруттук каттамдарынын бригадирлери билдиришти. Өткөн жума күнү видео тарап, ал коомчулуктун катуу сынына кабылган болчу. Салону толо жүргүнчүсү бар маршруттук каттамдын айдоочулары жол талашып, андан соң түшө калып мушташууга өтүшкөн.

Мындай көрүнүшкө нааразы болгон калаа тургандары айдоочуларга карата талаптарды күчөтүү керектигин айтышууда. Тиешелүү министрлик болсо, «жүргүнчүлөрдү ташуу маданияты» жаатында иш алып барып жатышканын билдиришти.