Жөлөк пул алган аз камсыз үй-бүлөдөгү балдардын саны 152 миң 960 түзөт

1538

Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдар үчүн жөлөк пул 875 сомду түзөт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улугбек Кочкоров билдирди.

Анын айтуусунда бугүнкү күндө социалдык жардам 16 жашка чейинки балдары бар 123 миң 487 үй-бүлөгө көрсөтүлөт. Ай сайын жөлөк пул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдардын саны 152 миң 960 түзөт.

“Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдар үчүн жөлөк пул 875 сомду түзөт. Белгилей кетчү нерсе, ушул жылдын июль айынан тарта үй-бүлөдөгү ата-энесинин, чоң ата-чоң энесинин алган пенсиясы үй-бүлөнүн кирешесинин эсебине кошуп эсептелбейт”, — дейт министр.

Ушул жылдан баштап майыптарга төлөнүүчү жөлөк пулдун көлөмү 33%га көтөрүлгөн. Эгер алар буга чейин 3 миң сом алып келген болсо, июль айынан тарта 4 миң сом алышат.

“Мамлекеттик жөлөк пулду төлөөгө республикалык бюджеттен 6 млрд. 524 млн. сом каражат сарпталган. Анын ичинен “Үй-бүлөгө көмөктү” төлөөгө 356 млн. 100 миң сом бөлүнгөн, аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү балдарга ай сайын төлөнүүчү жөлөк пулга 2 млрд. 837 млн. 300 миң сом бөлүнгөн. Андан тышкары пенсияга жетиштүү эмгектенбегендерге 2 млрд. 684 млн. 700 миң сом каражат бөлүнгөн. “Балага сүйүнчү” төлөөгө 365 млн. 800 миң сом бөлүнгөн”, — дейт Кочкоров.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.