Жөлөк пул көбөйдү, бирок колго тийе элек (видео)

2120

Социалдык жактан колдоого муктаж болгон жарандардын жөлөк пулдарынын өлчөмү 50 пайызга көтөрүлгөнү менен ал тургундардын колуна тийе элек. Бул тууралуу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери менен майыптыгы бар жарандар айтып чыгышты.

Тиешелүү министрлик болсо жөлөк пулдар кайрадан саналып жаткандыктан, ортодогу чыккан сумма ноябрдыкына кошуп төлөнөрүн билдирүүдө. Ал арада аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекет тарабынан чегерилген жөлөк пул кымбатчылыктан улам эч нерсеге жетпей жатканын айтышууда. Алар ар бир балага берилүүчү 810 сомду көбөйтүп берүүнү суранышууда.