«Жөлөк пулдар жөнүндө» мыйзам Жогорку Кеңеште каралды

2162

«Мамлекеттик жөлөк пулдар боюнча» документти убактылуу токтото туруу боюнча өкмөттүн мыйзам долбоору парламентте биринчи окууда кабыл алынды. Эске салсак, ал 1-январдан тарта күчүнө кирет.

Ага ылайык, ар бир төрөгөн балага сүйүнчү берүү каралган. Бирок ошол эле маалда 30 миңге жакын балага жөлөк пул берилбей калат. Себеби жаңы мыйзамга ылайык, 3 же андан көп балалууларга гана жардам берүү каралган. Бул убакта 2 балалуу, бирок колунда жок жакыр үй-бүлөлөр мамлекеттин көмөгүнөн куру калышат. Буга көпчүлүк нааразы болуп, жер-жерлерде митингдер өттү.

Эми өкмөт аталган мыйзамды 3 айга токтото турууну суранууда. Бул өз кезегинде бир топ эл өкүлдөрүн катуу нааразы кылды. Себеби буга чейин айрым депутаттар бул документти кабыл алууга шашпай, маселени терең изилдеп чыгуу керектигин айтышкан болчу. Айрымдары эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин отставкасын талап кылышты.