Жөлөк пулду чыныгы муктаждар алып жатабы? (видео)

871

Жөлөк пул маселеси кайрадан күн тартибинде. Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук тартиби комитетинде социалдык коргоо жөнүндөгү мыйзам долбоору талкууланды. Анда тармакты тейлеген министр баяндама жасап, киргизилип жаткан жаңы жоболор тууралуу айтып берди. Белгилей кетсек, жөлөк пул тууралуу былтыр кабыл алынган мыйзамдагы мүчүлүштүктөрдү жоюуга 1-апрелге чейин убакыт берилген. Бирок Социалдык өнүктүрүү министрлиги 2009-жылдагы мыйзамдын негизинде жаңы документ даярдап келген. Эң кызыгы, так ушул документ былтыр эле коррупциялашкан деп аталган болчу. Жарым жыл ичинде эмне өзгөрүп кетти? Деги эле социалдык жөлөк пул маселесине чекит коюлабы?