Жөө күлүк Дарья Маслова Олимпиада оюндарына жолдомо алды

3095

Жөө күлүк Дарья Маслова Токио Олимпиадасына лицензия алды. Спортчу Испаниянын Валенсия шаарында өткөн эл аралык лицензиялык марафонго катышып, 2 саат 28 мүнөт 19 секунд убакытта марага жеткен. Жарышта олимпиадалык норматив 2 саат 29 мүнөт 30 секундду түзгөн.

Муну менен жөө күлүк Дарья Маслова 2020-жылы Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Ал үчүн спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы 105 миң сом бөлүндү.

Белгилей кетсек, учурда Дарья Масловадан тышкары жөө күлүк Юлия Андреева, балбандар Атабек Азисбеков, Айсулуу Тыныбекова менен сууда сүзүүчү Денис Петрашов Олимпиадага катышуу үчүн лицензия алышкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.