Жөө жүргүнчү 2 унаанын алдында калып мерт кетти (видео)

4496

Кыргызстанда акыркы 9 ай ичинде эле 4 миңден ашуун жол кырсыгынан 500дөй адам көз жумду. Дагы 7 миңдейи түрдүү жаракаттарды алышкан. Бишкек шаарында адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Каргашалуу окуя Юнусалиев менен Жантөшөв көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Күбөлөрдүн айтымында, жөө адам жолдон өтүп бара жатканда аны бир унаа сүзүп кеткен. Андан кийин экинчи унаа үстүнөн тебелеп кетип, ал кырсык болгон жерден мерт кеткен. Бир жума мурда эле Балыкчы-Кочкор трассасында 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталган.