Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн өзгөчө светофорлор (видео)

828

Ош шаарына жөө жүргүнчүлөр өздөрү кнопканы басып кызылды күйгүзүп өтө турган светофорлор орнотулду. Жол чырактар авариялар көп каттталган жана балдар көп өтчү 14 аймакка коюлду. Бул жабдыктарга Ош шаардык бюджетинен 11 миллион сом бөлүнгөн. Светофорлор «Акылдуу шаар» долбоорунун алкагында коюлган. Былтыр Ош шаарында жол кырсыгынан 544 адам жаракат алып, 13 киши каза болгон.