Жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, из жашырган айдоочу (видео)

626

72 жаштагы жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, из жашырган айдоочу табыла элек. Окуя 15-сентябрь күнү Чүй областынын Маевка айылында катталган. Кечки саат 22.00дөр чамасында белгисиз автоунаа Жаш Гвардия көчөсү менен бара жатып, жолдон өтүп бараткан жүргүнчүнү сүзгөн.

Учурда тартип сакчылары кылмышка шектүү айдоочуга издөо жарыялап, көрүп билгендер болсо кызматташууга чакырууда.