Жөө жүрүүчүлөр тилкеде унаа сүзүп кеткен 10 жаштагы бала мерт кетти

601

Сокулук районунун Новопавловка айылында он жаштагы баланы унаа сүзүп, каза тапты. Окуя №1 мектептин жанында болгон.

Маалыматтарга караганда, 4-класстын окуучусу жөө журүүчүлөр өтчү тилкеде баратканда, башка унаалар токтоп турганына карабай, «Ауди» үлгүсүндөгү автоунааны башкарып бараткан адам каршы тилкеге чыга калып баланы коюп кеткен. Окуучу ошол жерде мерт кеткен. Ал эгиздин түгөйү болгон.

Айрым маалыматтар боюнча, автоунааны тартип сакчысы айдап бараткан. Ал Сокулук райондук Ички иштер бөлүмүнүн кызматкери экени айтылууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.