Жоокер менен сержанттын мушташы боюнча кызматтык иликтөө башталды

908

Абадан коргонуу күчтөрүнүн Бишкек шаарындагы №97 632 аскер бөлүгүндөгү катардагы жоокер менен сержанттын мушташы боюнча кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу Башкы штабдан билдиришти.

Эске салсак, окуя ишемби күнү катталып, анда келишимдик негизде кызмат өтөгөн сержант менен катардагы жоокер ортосундагы кайым айтышуу мушташка айланып, натыйжада жоокердин жаагы сынган. Учурда ал аскердик госпиталда дарыланууда.

Бул ишти Бишкек гарнизондук аскер прокуратурасы да тергей баштады. Ал эми бул үчүн жооптуу адамдар кызматынан убактылуу четтетилген.