Жоокерлердин табышмактуу өлүмүнө ким жооп берет? (видео)

1166

Аскердик милдетин аткарып жүрүп, суицидке барган жоокерлердин ата-энелерине 1 миллион 40 миң сом кенемте төлөп берүү керек. Бул тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште карала баштады. Азыркы тапта аскерде жүрүп жоокер өз өмүрүн өзү кыйса, анын туугандарына компенсация төлөнбөйт. Деген менен уулдарынан айрылган ата-энелердин көпчүлүгү балдары өзүнүн жанын кыйганы тууралуу тыянакка макул болбой келишет. Алардын айтымында, армияда жоокер киши колдуу болгон учурларда жаап-жашыруу аракеттери болуп турат. Мындан улам, кээ бир кылмыш иши аягына чыкпай же тергөө создуктурулат. Бирок Аскер прокуратурасы мындай дооматтар менен макул эмес.