Жоюлуп кеткен Коргоо министрлиги кайрадан түзүлөт (видео)
1176
Күзгө жакын Кыргызстандын аскерин башкаруу тутумунда өзгөрүүлөр болушу күтүлүүдө. Бул максатта өкмөт бир нече жыл мурда жоюлуп кеткен Коргоо министрлигин кайрадан түзүүнү көздөп жатат. Эске салсак, 4 жыл мурда өлкөнүн куралдуу күчтөрүн башкаруу милдети толугу менен Генералдык штабка берилген болчу. Ал эми чарба иштерин аткаруу — коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетке жүктөлгөн. Андан тышкары, ички аскерлер бөлүгү Улуттук гвардиянын курамынан чыгарылып, кайрадан ИИМге берилиши мүмкүн. Эксперттер өкмөттүн бул өзгөрүүлөрүн колдоп жатышат.