Жоюлуп кеткен Патрулдук милиция кайра түзүлөт (видео)

1185

Кайрадан түзүлүп жаткан Патрулдук милиция ушул жылдын 1-сентябрынан тарта ишке кирет. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, учурда кайра жандандырыла турган кызматтын материалдык-техникалык базасы түзүлүп жатат. Күзгө чейин штат куралып, кызматкерлер жаңы форма жана унаалар менен камсыздалат.

Муну ишке ашыруунун алгачкы этабында Кайгуул милициясы Бишкек шаарында гана иштейт. Белгилей кетсек, Кыргызстанда Патрулдук милиция биринчи жолу ачылып жаткан жок. 3 жыл мурда эле мындай кызмат түзүлүп, бирок натыйжалуу болбогондуктан, бир жылдан кийин жабылган.