Жугуштуу оорулар бейтапканасында орун жетишсиз (видео)

979

Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында орун жетишсиз. Анын имараттары болгону 400 бейтапка ылайыкталган, бирок анда дарылангандардын саны мындан кыйла көп. Ооруканада 11 бөлүм бар жана алардын ар биринде 35 орун бар. Дарыгерлердин айтымында, учурда сарык оорусу күч алып жатат. Анда да орун жоктугунан улам, бейтаптар коридорлорго жатып дарыланууга аргасыз.

Эске сала кетсек, Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына жаңы имарат куруу демилгеси мындан бир нече жыл мурда көтөрүлгөн. Бирок андан бери эч өзгөрүү жок. Учурда жаңы корпус салуу маселеси кайрадан козголуп, Корея Республикасы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатыптыр. Бирок ал ниет жүзөгө ашырылабы же жокпу — азырынча айтуу кыйын.