Жугуштуу оорулар клиникасында орун жок (видео)

906

Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылгандардын саны кескин көбөйүүдө. Ата-энелер дарыгердин кабыл алуусуна кезекте 3-4 сааттап турушканын айтышууда. Аларды болгону 2 дарыгер тейлеп жатканына даттанышкан. Республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери аларга кайрылгандардын саны чын эле өскөнүн айтууда.

Мындан улам, оорукана күчөтүлгөн режимде иштеп, оорулууларды 4 дарыгер кабыл алып жатканын билдирди. Башкы дарыгердин айтымында, 2 күндө аларга 700гө жакын адам кайрылды. Анын 200дөн ашыгы бейтапканага жаткырылган.