Жүк – 200: чыгымды эми өкмөт көтөрөт (видео)

4852

Жыл башынан бери чет өлкөдөн 124 кыргызстандык жарандын сөөгү алып келинди. Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык-консультациялык борборунан билдиришкендей, алардын 91 оорудан каза болсо, 12 — ар кандай кырсыктан, 6 — авариядан, экөө өзүнө кол салуудан, 2 — киши колдуу болгон.

Калгандарынын өлүмү азырынча тактала элек. Белгилүү болгондой, өкмөт маркумдардын сөөгүн жеткирүүнүн чыгымдарын төлөп берүүнү толугу менен мойнуна алат. Учурда бул боюнча 2 арыз каралып жатканы маалым болду.