Жүк ташуучу унаалардын чыгымы беш күндө эле $180 миңге жетти

838

Чек арада кезек күтүп турган жүк ташуучу унаалардын чыгымы беш күндө эле 180 миң долларга жетти. Мындай маалыматты экономика министри Артем Новиков таратты. Анын айтымында, айдоочулар арасында сурамжылооо жүргүзүлгөн. Чек арада турган машиналар суткасына 23,5 миң доллар чыгым тартууда.

Алсак, күйүүчү майга бир күндө эле 8,6 миң доллар, тамак-ашка 5 миң доллар, товарды өз убагында жеткирбегени үчүн айып пулга 10 миң доллардан кетип жатат. Муну менен 5-6 күндө эле чыгым 200 миң долларга чукулдаган.