Жүк ташуучу унаалардын күндүз жолдордо жүрүүсүнө убактылуу тыюу салынды

707

1-июлдан 1-сентябрга чейин эртең мененки саат 9дан кечки саат 8ге чейин жүк ташуучу чоң унааларга Кыргызстандын жолдорунда жүрүүгө тыюу салынат. Тиешелүү буйрукту Унаа жана жолдор министрлиги чыгарды.

Бул кадам бир гана максат менен жасалууда, дейт министрликтин адистери. Унаа жолдорун сапаттуу пайдалануу жана алардын мөөнөтүн узартуу. Мындан улам, жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөөлөр күндүзгү температура 28 градустан жогору болгондо киргизилет. Бул убакыт аралыгында салмагы 25 тоннаны түзгөн ири габариттүү жүк ташуучу унаалар жолдо жүрө албайт.

Өз кезегинде, киргизилген чектөөлөр жүргүнчү ташуучу, гуманитардык жардамдарды жеткирген унааларга, ошондой эле уруксат берилген кооптуу жүктөрдү ташыган жана аталган министрликке тиешелүү жолдордун ремонтун жасап жаткан унааларга киргизилбейт.