Жумалык ( 01.04.19 – 07.04.19 ) / Өткөн Жуманын Негизги Жаңылыктары (видео)

627

Кыргызстанды сынаган чек ара маселеси. Бир кошуна менен пикир табышканча, экинчи коңшу талап койду. Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн унаалар, чыгымдарын санаган ишкерлер, маселени чече албай кыйналган өкмөт, аткаминерлерди жемелеген депутаттар.

Өмүрбек Бабановдун өлкөнүн туруктуулугу жана экономикалык өсүшү үчүн жасаган иштери. Премьер-министр кезинде баштаган реформалары азыр өз жемишин берүүдө. Анын эмгектерин унутпаган элеттиктер Бабановдун өлкөгө кайтып келишин чыдамсыздык менен күтүп жатышат.

КСДП партиясы талашка түштү. Саясий уюмда эки лидер, эки устав, эки эреже. Сагынбек Абдрахманов менен Алмазбек Атамбаевдин эрөөлү. Бир жумада өткөн эки курултай. Бири-биринин дарегине айтылган ачуу сындар.

Өлкөнүн куроо тамырындагы илдеттер. Миллиарддаган акча салынган жол тармагы ирденбей жатканынын себептери. Тамтыгы чыккан жолдон машиналары талкаланган айдоочулар. Акча жок деп актанган аткаминерлер.